Президенттин басма сөз катчысы "Азаттыктын" иши боюнча билдирүү жасады
"Азаттык" радиосунун жетекчилигине маселени элдешүү жолу менен жөнгө салуу ушул жылдын февралында эле сунушталган. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Ал “Азаттык медиа” коомчулукта чоң талкуу жараткан, 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы чек арадагы конфликт жөнүндө анык эмес материалын өзүнүн бардык ресурстарынан өчүргөнүн белгиледи.
Султанбаевдин айтымында, буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаровдун атына “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жаңы президенти жана башкы директору Джеффри Гедминден бул туурасында маалымдаган кат келип түшкөн.
"Бүгүн экинчи инстанциядагы сот Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен “Азаттык медианын” ортосундагы тынчтык келишимди бекитти, соттук териштирүүлөр токтоду, “Азаттык медиага” карата чектөөлөр алынат.
Маселени ушундай жол менен жөнгө салуу ушул жылдын февралында эле мамлекет башчысы менен Эркин Европа/Азаттык радиосунун ошол кездеги президенти жана башкы директору Джейми Флайдын жолугушуусунун жүрүшүндө сунушталган болчу. Тилекке каршы, анда баш тартып коюшкан.
Бул өлкөдө эч ким сөз эркиндигин басмырлайын, же тигил же бул ЖМКны чектейин деген ниети жок экенин дагы бир жолу көрсөтөт.
Бирок бардык жарандар, Кыргызстандын аймагында өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар - өлкөнүн мыйзамдарына (анык эмес маалыматты таркатууга тыюу салган) милдеттүү түрдө баш ийиши керек.
Ар дайым айтып келгем жана дагы да айтам – сөз эркиндиги бизде болгон, бар жана боло берет. Ошону менен бирге, бардыгын улуттук мыйзамдарды так сактоого жана анык эмес маалыматты таркатпоого чакырып кетем", - деп жазды Султанбаев.
Буга чейин Маданият министрлиги “Азаттык Медиа” чек арадагы конфликт жөнүндө анык эмес маалымат камтыган материалды бардык ресурстарынан өчүрүп, соттук териштирүүлөр токтогонун кабарлаган.

