"Кыргыз темир жолу" улуттук оюулар менен жабдылган "Вип" вагонун каттамга чыгарат





"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы "Вип" классындагы вагонду ачууну пландоодо. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, вагон бардык коопсуздук талаптарын эске алуу менен иштелип чыгып, чоң радиустуу панорамалык терезелерди орнотууга мүмкүн болгудай кузовдун бөлүгү бекемделди. Вагондун улуттук стилде жасалган ички жасалгасы маанилүү элемент болуп саналат. Ал эми дубалда кыргыз оюулары түшүрүлгөн этникалык стилдеги панно жайгашкан. Вагондо кыргыз оюулар менен кооздолгон жумшак керебеттер, жаздыктар жана пардалар жагымдуу атмосфераны тартуулайт.
Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн «Вип» классындагы вагондо кыш-жай кондиционер тутуму, стерео система, телевизор жана wi-fi орнотулду. Ошондой эле суусундуктар үчүн муздаткыч бар.
"Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча «Вип» классындагы вагондун иштөөсүндө жана пайдаланууда эскертүүлөр табылган жок, вагон жүргүнчүлөрдү ташууга даяр. «Вип» классындагы вагон Бишкек-2 – Балыкчы – Бишкек – 2 багытындагы поезддин курамына киргизилет жана жакынкы дем алыш күндөрү бардык каалоочулар отурса болот", - деп айтылат маалыматта.


