super.kg logo

Бишкекте милиция кызматкерлери чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча окутуудан өтүштү

 

Бишкекте ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча семинар өтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки күндүк окутууга ИИМдин басма сөз кызматынын, Коомдук коопсуздук кызматынын, Атайын багыттагы полктун, Академиянын жана ИИМдин Республикалык окуу борборунун кызматкерлери, милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана тергөөчүлөр катышты.

Окутууну Элчи Мартин Сайдик, Гуманитардык диалог борборунун социалдык тармактар жана чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча ортомчулук бөлүмүнүн жетекчиси Мод Моррисон жана борбордун Кеңешчиси Ирена Гризел болушту.

"Сабактардын темалары медиациянын ар кандай аспектилерин камтыды. Анын негизги максаттары медиация жана чыр-чатактарды чечүүнүн башка механизмдеринен айырмачылыктары, медиациянын негизги принциптерин жана этаптарын ачуу, медиация жана сүйлөшүүлөргө байланыштуу негизги көндүмдөрдү иштеп чыгуу", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, окутуунун жүрүшүндө бардык катышуучулар суроолорду активдүү беришип, дискуссияга катышышты.
Жыйынтыгында катышуучуларга семинарга катышкандыгы үчүн сертификаттар тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: