50 жылдан бери каралбай келген мамлекеттик цирк оңдолот
Келерки жумада А.Изибаев атындагы Мамлекеттик циркти капиталдык реконструкциялоо иштери башталат. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев долбоорго ылайык, цирктин имаратын оңдоого беш айдай убакыт талап кылынарын айткан. Ошондой эле ал имарат курулгандан тарта, башкача айтканда 50 жылга чукул аралыкта бир дагы жолу оңдоодон өтпөгөнүн кошумчалады.
"Өткөн жумада өлкө башчы Садыр Жапаров цирктин абалы менен таанышып, аны реконструкциялоону иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге тапшырган. Кийинки жумада ремонт жумуштары башталып, жылыткыч жана желдетүү системаларынан тартып заман талабына ылайык жасалат. Имарат курулган 50 жылга чукул аралыкта бир дагы жолу оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Реконструкциядан кийин цирк заман талабына толук жооп берген, келген конокторго, кызматкерлерге, жан-жаныбарларга шарттары түзүлгөн маданий жайга айланат", - деп жазды Орунбеков.

