super.kg logo

Жаныш Рустенбековдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

 

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, саясатчы, дипломат Жаныш Рустенбековдун сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Өкмөт башчы президенттин, жалпы Министрлер кабинетинин жана жеке өзүнүн атынан Жаныш Рустенбековдун үй-бүлөсүнүн, жакын туугандарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтты. Акылбек Жапаров маркумдун басып өткөн өмүр таржымалына токтолуп, анын уюштуруучулук жөндөмү күчтүү, саясий көз караштары бекем сапаттарын белгиледи.

Белгилей кетсек, Жаныш Рустенбеков 74 жаш курагында каза болду. Ал Легендарлуу парламенттин депутаты, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы, президенттин администрация жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты, Өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Казакстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы элчиси болуп бир катар кызматтарда иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: