"Т-90, "Град", "Ураган"... Орусия "Вагнерден" кандай аскердик техникаларды алганын көрсөттү (видео)
Орусиянын Коргоо министрлиги өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларына мурда "Вагнер" аскердик компаниясына таандык болгон аскердик техникаларды өткөрүп берүү процессинин видеосун жарыялады.
Министрлик бүгүнкү күндө 2 миңден ашык техника, 20 миңдей аткыч курал жана 2 жарым тоннадан ашык ок-дарылар өткөрүлүп берилгенин билдирди. Анын ичинде Т-90, Т-80, Т-72В3 танктары, "Град" жана "Ураган" ракеталык системалары, "Панцирь" зениттик-ракеталык комплекси дагы бар.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул куралдардын арасында айрымдары согуштук шарттарда эч качан колдонулбаганын баса белгиледи.
Маалым болгондой, өткөрүлүп берилген техника жана курал-жарактар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кайра пайдаланууга берилет.
Вагнер Орусияга өткөрүп берген техникалар
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.