super.kg logo

Түркиянын Бодрум аймагында ири өрт чыкты (видео)

 

Түркиянын Бодрум аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, өрт Милас менен Бодрум аймактарынын ортосунда пайда болгон. Шамалдан улам өрттүн тездик менен жайылып жатканы айтылууда. Учурда тиешелүү кызматкерлер окуя болгон жерде иштеп жатканы кошумчаланды.

Ал эми өрттү өчүрүү үчүн 14 тик учак менен 11 учак колдонулуп жатканы кабарланды. Ошондой эле өрт тургундардын үйлөрүнө жакын экени жана аларды эвакуациялоого буйрук берилиши мүмкүн экени айтылды.

Ал эми бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, өрттүн келип чыгуусуна күн нурларынын айнек бөлүкчөлөрү аркылуу учкундарды пайда кылышы себеп болгон.

Эске салсак, кечээ, 12-июлда саат 15:00дө Түркиянын Бодрум аймагында өрт чыккан. Шамалдын натыйжасында табигый кырсык бир нече аймакка жайылган.






Түркиянын Бодрум аймагында ири өрт чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: