Өлкөдө жаңы Үй-бүлө кодекси иштелип чыгат
Кыргызстанда жаңы Үй-бүлө кодекси иштелип чыгат. Бул тууралуу кечээ, 12-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кодексти иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отурумунда билгилүү болду.
Маалым болгондой, жыйынга мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер катышты. Анда Үй-бүлө кодексин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык топтун милдети заманбап талаптарга ылайыкталган үй-бүлөлүк мамилелерди укуктук жөнгө салуу системасын иштеп чыгуу болуп саналат.
Жаңы документ бардык ратификацияланган эл аралык конвенцияларга жана макулдашууларга, үй-бүлөлүк укук жаатында Кыргызстан өзүнө алган бардык эл аралык милдеттенмелерге ылайык келет.
Белгилей кетсек, жаңы Үй-бүлө кодексин иштеп чыгуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы боюнча жасалууда.



