Кыргызстандыктардын 6 пайызы гана спорт менен машыгат
Кыргызстандыктардын
6 пайызы гана спорт менен машыгат. Бул тууралуу КРнын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик
агенттигинин директору Мурат Саралинов бүгүн, 12-декабрда билдирди.
Автор: Темирбек Матаев
Ал өз сөзүндө “Кыргызстанда
спорт менен машыккандардын саны 6-7 пайызды түзөт. Айрым маалыматтарда бул
көрсөткүч 1,4 пайыз деп да айтылып жүрөт. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо
уюмунун билдирүүсүнө караганда, ишке жарамдуу, спорт менен машыккан тургундардын
саны 15 пайызды түзүшү керек. Мындай көрсөткүч дене тарбия жана спорт тармагын реформалоо
керектигин кабарлайт” деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

