super.kg logo

Лионель Месси карьерасын качан жыйынтыктай турганын билдирди

 

Аргентиналык футболчу Лионель Месси карьерасын качан жыйынтыкташы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу TV Publica басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, атактуу чабуулчу карьерасын жыйынтыктоого аз гана убакыт калганын айткан.

"Менин жашымда карьераны жыйынтыктоо өтө деле алыс эмес. Мен бул окуянын кайсы убакта боло турганын так айта албайм. Мен жөн гана жашап, ар бир учурдун ырахатын таткым келет", - деп билдирген Месси.

Ошондой эле жакында гана "Интер Майамиге" өткөн чабуулчу учурдагы ийгиликтеринин баарына күрөшүү, алдыга умтулуу жана баарына ээ болуу деген каалоо түрткү болгонун айткан.

"Мен дайыма эмне каалап жатканымды билчүмүн жана жоопкерчиликтүү болдум. Көп нерсеге жетүүдө бардык аракетимди жумшадым. Дайыма эле мен ойлогондой болгон жок, бирок ошол каалоодон чыккан жокмун. Жаракаттарым мага жардам берди", - деген атактуу футболчу.

Эске салсак, Лионель Месси 3-июнда акыркы жолу "ПСЖ" клубунда оюн көрсөткөн, андан соң америкалык "Интер Майамиге" эркин агент катары өткөн. "ПСЖга" чейин чабуулчу 2003-2021-жылдар аралыгында каталондук "Барселона" клубунда оюн көрсөткөн. "Барселонада" Месси жети жолу Испаниянын Суперкубогун, төрт жолу Чемпиондор Лигасын жана УЕФА Суперкубогун үч жолу жеңип алган. Былтыр аргентиналык футболчу улуттук курамасы менен Дүйнө чемпионатында алтын тагынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: