super.kg logo

 Бишкекте "мефодрон" баңгизаты менен эки жигит кармалды (видео)

 
Бишкекте 7 килограммга жакын "мефедрон" менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, ушул жылдын 17-майында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү Нарын облусунун 2003-жылы туулган М.Ж. жана Талас облусунун 2002-жылы туулган А.У. аттуу тургундары кармалды.
"Издөө иштеринин жүрүшүндө алар Бишкектеги батирине жашыруучу жайы бар 3 даана вибрациялык мотор алып келгени белгилүү болду. Текшерүү учурунда вибрациялык мотордон болжол менен салмагы 5 килограмм 943 граммды түзгөн 24 таңгактагы жана скотч менен таңгакталган 1 килограмм өлчөмүндөгү "мефедрон" психотроптук заты табылды. Ошондой эле кармалган жарандардын ишмердүүлүгүн мессенжер аркылуу чет өлкөдөн кураторлор көзөмөлдөп турганы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Министрликтен билдиришкендей, шектүүлөр жогоруда аталган психотроптук затты сатуудан болжол менен 38 миллион 186 миң 500 сом мыйзамсыз киреше көрүүнү максат кылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.





Бишкекте "мефодрон" менен эки жигит кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: