super.kg logo

Бул ирет Түркиядан. Бишкекке кайрадан Isuzu автобусу сатып алынат

 

Бишкекке Isuzu автобусун алып келүү боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 13-июлда шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров япониялык Isuzu компаниясынын лицензиясы боюнча жеңил унаа жана автобустарды чыгарган түркиялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушкан.

Жолугушууга ANADOLU ISUZU эл аралык сатуу боюнча менеджери Севкан Караман, экспорт директору Серкан Өзтүрк жана аталган компаниянын КМШ жана Перс булуңундагы өкүлү Мухаммед Саид катышкан.

Анда тараптар кысылган жаратылыш газы менен жүргөн 12 метрлик 16 чоң орундуу автобустарды алуу механизмдерин талкуулашкан.

Ошондой эле автобустар абанын булганышы менен күрөшүү боюнча техникалык жардамдын алкагында Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) эсебинен 5,4 миллион еврого сатылып алына турганы кабарланды.

"Жолугушуунун жыйынтыгында япониялык Isuzu компаниясынын лицензиясы боюнча жеңил унааларды жана автобустарды чыгаруу боюнча түрк компаниясы менен "Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын ортосунда келишимге кол коюу тууралуу макулдашуу жүргүзүлдү", -деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, коомдук транспорт заманбап талаптарга жооп берет, ал кондиционер жана пандустар менен жабдылган. Автобуста 21 орундук бар, ага 85 адам батат.

Ал эми тейлөөнүн кепилдик мөөнөтү 2 жыл же 150 миң чакырымды түзөт. Транспортту жеткирүүнүн мөөнөтү 2024-жылдын март айы экени айтылды.

Мэрия ANADOLU ISUZU орто сыйымдуулуктагы автобустарды жана шаарлар аралык автобустарды чыгаруу боюнча Европадагы алдыңкы компаниялардын бири болуп саналарын эске салды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: