Жалал-Абадда балдар ойной турчу комплекс курулууда (фото)





Жалал-Абад шаарындагы Түмөнбай Байзаков атындагы сейил багында муниципалдык балдар ойноочу заманбап комплекстин курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, комплекстин курулушун ушул жылдын октябрь айында бүткөрүү пландалган.
"Долбоордун сметалык баасы 75 миллион сомду түзүп, тендердин жыйынтыгы менен "АСТА строй" ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, 72 миллион сомго курулуш ишин жүргүзүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Аталган комплекстин курулушу мамлекеттик бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн 2 миллиард сом акча каражатынын эсебинен каржыланып жаткандыгы маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-07
17:08
2025-07-06
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.