Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери туристтин уюлдук телефонун таап беришти
Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери эс алып жүргөн чет өлкөлүк жарандын уюлдук телефонун жана акча каражатын таап беришти. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, кечээ, 12-июлда Ысык-Кѳлдө «Кыргыз деңизи» санаторийинде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздап жүргөн милиция кызматкерлерине орусиялык турист кайрылып, сумкасын жоготуп алгандыгын билдирген.
Ага ылайык, милиция кызматкерлери Орозбек Кудайназаров, Ѳктѳм Айдаров, Арген Керимбеков эс алуучу жайдын айланасындагы орнотулган видеобайкоо камералардын жардамы менен тез аранын ичинде жоголгон сумканы таап, ээсине кайтарып беришти.
Белгилей кетсек, сумканын ичинде уюлдук телефон, 130 миң рубль, 20 миң сом жана керектүү буюмдар болгон.


