super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө жерлерди өзүм билемдик менен басып алгандар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү

 

Президент Садыр Жапаров жерлерди өз билемдик менен басып алгандарга карата жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Такталгандай, Садыр Жапаров "Айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам жерлерди мыйзамсыз басып алууга жана аларга курулуш курууга жол бербөө максатында Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 25-майында кабыл алынган.

Анда жерлерди мыйзамсыз жол менен басып алгандарга карата жаза пулдун өлчөмүн көбөйтүү, эркиндигинен ажыратуу жана белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндө жаза дайындоо жолдору, жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу жагдайлары тууралуу өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзамда Кылмыш-жаза кодекси жаңы 2121 (Айыл-чарба багытындагы жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол бербөө боюнча чараларды көрбөө) жана 2122 (Жерлерди айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн атайылап жараксыз абалга алып келүү) беренелери менен толукталат.

Мындан тышкары мыйзам долбоорунда министрлер кабинетине:

  • жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен ээлеп алуу, кеңейтүү фактыларынын алдын алуу, тыюу салуу, ошондой эле жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну контролдоо;
  • азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында айыл чарба багытындагы жерлерди жакшыртуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралар комплексин иштеп чыгууну жана көрүүнү тапшыруу каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: