super.kg logo

Бишкекте бир канча жолдор оңдолууда

 

Бишкекте жолдорду жана тротуарларды оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда Менделеев көчөсүн, Кажысай жана Енисей тар көчөлөрүнүн жолдорун капиталдык оңдоп-түздөө иштери аяктады.

Ал эми Алай жана Балыкчы тар көчөлөрүндө жолду асфальттоо иштери кызуу жүрүүдө. Учурда жол асфальт-бетон төшөө үчүн даярдалып жатат. Ошондой эле Керчинский тилкесинде курулуш иштери башталды.

Мындан тышкары, Чүй проспектисин бойлой Осмонкул көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин (түштүк тарабы) тротуарды куруу иштери уланууда. Бордюрлар, сугат лотоктору орнотулуп бүттү.

Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы) жана Абдрахманов көчөсүндө Жумабек көчөсүнөн Түгөлбай-Ата көчөсүнө чейин (чыгыш тарабы) тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: