super.kg logo

Кыргызстандан көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салуу сунушталды

 

Кыргызстандан көмүрдү экспорттоого 8 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу сунушталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык, көмүрдү кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Эркеч-Там" жана "Торугарт" өткөрүү пункттары аркылуу гана өткөрүүгө уруксат берүү сунушталууда.

"2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүү мезгилинде калкка жана бюджеттик мекемелерге көмүр жетишсиз болгондо жана баасы жогорулаган учурда президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, айыл өкмөт башчыларына жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.

Бул токтом расмий жарыялангандан соң үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин күз-кыш мезгилине Бишкек ЖЭБине 1,2 миллион тонна көмүр керектелип, анын 550 миң тоннасы импорттолору, ал эми калк үчүн 1,3 миллион тонна көмүр камдалышы керек экендиги маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: