ЖОЖго тапшыруудагы босого упай менен бюджеттик орундар тууралуу маалымат айтылды
Быйыл айыл-чарба жана кесиптик окуу жайлар үчүн гранттык жана контракттык негизде окууда босого упай 100 баллдан башталат. Бул тууралуу жогорку, орто кесиптик окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.
Асан кызынын айтымында, айыл-чарба жана кесиптик окуу жайлар үчүн босого баллдын төмөн болушу өлкөнүн агрардык тармагынын потенциалын көтөрүү үчүн каралган.
Ошондой эле ал быйыл өлкө боюнча 51 миңден көп окуучу ЖРТга катышканын жана алардын 50 пайыздан ашыгы 110 баллдан жогору упайларды алганын билдирди.
"Быйыл ЖРТ тапшыргандардын жарымынан көп пайызы 110 баллдан ашкан. Контракттык жана бюджеттик орундарга босого упайды 110, ал эми гранттык орундардын педагогикалык багыттары боюнча босого упайды 115 балл деп койдук. 1-2-топтогу майып адамдардын босого баллы болсо контракттык негизде 100 упай, бюджеттик негизде 105 упай деп белгиленди", -деди Асан кызы.
Мындан сырткары, ал билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында босого баллды акырындан көтөрүүнү пландап жатканын кошумчалады.
Ал эми өлкөдө лицензиясы бар жогорку окуу жайлар боюнча Асан кызы 79 ЖОЖдун катталганын билдирди. Анын ичинен 28 окуу жай мамлекеттик болуп саналат.
"Лицензиясы бар 79 окуу жайдын 28и мамлекеттик болуп эсептелет. Мамлекеттик гранттар боюнча айтсам, быйыл 6 миң гранттык орун каралган. Аны кайсы багыттарга бөлүп берүүнү Министрлер кабинети ЖОЖдордун лицензиясы жана өтүнмөлөрүнө, Эмгек министрлиги берген эмгек рыногунун божомолуна жараша бекитет. Гранттык орундардын 40 пайызы педагогикалык багыттарга бөлүнсө, калганы медицина, транспорт, айыл-чарба жана башка тармактарга берилет"- деди ал.
Ошондой эле Асан кызы экономика, юриспруденция, эл аралык мамилелер сыяктуу багыттарда бюджеттик орундар жок экенин айтты.
Гранттык орундар 1-2- топтогу майып жана ата-эненин камкордугунан ажырап калган балдарга да каралганын айткан Асан кызы 2002-2010-2020-жылдагы саясий окуяларда каза болгондордун балдарына да квоталар бар экенин кошумчалады. Мындан сырткары башка өлкөнүн жараны болгон этникалык кыргыздарга да 70 бюджеттик орун бөлүнгөнүн билдирди.
"Алтын сертификат алгандар үчүн бюджеттик 50 орун бөлүнөт. Ал эми "Алтын тамганын" ээлери менен республикалык жана эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү босого баллдан өтүшсө, конкурсу жок эле кабыл алынат",- деди Асан кызы.
Эске салсак, быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку окуу жайларына кабыл алуу 17-июлда башталат.

