Айзада Канатбекованын өлүмү: Бакыт Матмусаевдин иши сотто каралды
Бүгүн, 13-июлда Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ШИИББинин мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаевдин иши каралды. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, бүгүнкү соттук отурум Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу болуп өткөн.
"Соттук отурумда Айзаданын өлүмүнө алып келген шалаакылык боюнча корутунду угулду. Анда Бакыт Матмусаев күнөөсүн толугу менен моюнуна алган жок. Сотко келген эки күбө суралды. Кийинки отурум 25-июлга белгиленди", - деп жазды Нурбек Токтакунов.
Эске салсак, Айзада Канатбекованы 2021-жылдын 5-апрелинде Бишкектин чок ортосунан бир нече жаран унаага күчтөп салып кетишкен. Эки күндөн кийин 7-апрелде Чүйдүн Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада токтоп турган унаадын кыздын сөөгү табылган. Кыздын сөөгү 8-апрелде Балыкчы шаарында жерге берилген.
Бишкек шаардык милициясы кызды уурдоого шектүү Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирген. Тергөөдө ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын зордукталганы аныкталган.

