super.kg logo

Нарында эс алуу аянтчага чек арада курман болгон жоокердин ысымы ыйгарылды

 

Нарын шаарындагы эс алуучу аянтчага 2022-жылдын сентябрында Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон "Бөрү" атайын чек ара кызматынын кызматкери Нурсултан Жаныбековдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жоокердин ысымы коюлган Мазар булак аймагындагы сквердин айланасын туугандары жарыктандырып берет.

Мындан тышкары Нурсултан Жаныбековдун атасы Таалайбек Осонов Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев менен жолугушуп, 50 миң сом тапшырган.

Учурда аталган сквер республикалык түрткү берүүчү гранттык каражаттын эсебинен реконструкцияланууда.

"Демөөрчү Таалайбек Осонов менен жолугушкан калаа башчысы ыраазычылыгын билдирип, мекен чегинде татыктуу кызматын өтөгөн Нурсултандай уулду тарбиялаганын белгилеп, ысымын түбөлүккө калтыруу менен аты коюлган паркты жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттары менен пайдаланууга берип, өнүктүрүүнү сүйлөшүштү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: