Орусиядагы министрликтердин биринде iPhone колдонууга тыюу салынды
Орусиядагы "Ростех" корпорациясы өзүнүн бардык кызматкерлерине, мамлекеттик корпорацияга кирген уюмдарга iPhone уюлдук телефонун расмий максатта колдонууга тыюу салында. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
“Чындыгында эле корпорациянын бардык уюмдарында жумушта америкалык өндүрүштөгү жабдууларды колдонууга толук тыюу салуу киргизилип жатат”, - деп билдирди аталган ишкананын маалымат кызматы.
Белгилей кетсек, кечээ, 12-июлда тиешелүү тыюу Орусиянын Өнөр жай жана соода министрлигинде белгилүү болду. Министрдин биринчи орун басары Василий Осмаков билдиргендей, министрликтин кызматкерлери 17-июлдан тарта Apple аппараттарынан жумушчу кат алышууларды жүргүзө алышпайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:52
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















