"Кооздукка суктанып...". Акылбек Жапаров менен Камчыбек Ташиев Арстанбапка барды (видео)
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусундагы Арстанбап токоюнда жаратылыштын сулуулугуна суктанып жаткандагы видео тарады.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы белгилегендей, Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Базар-Коргон районундагы "Ак илбирс" ден соолукту чыңдоо жана балдардын эс алуучу борборунун салтанаттуу ачылышына катышкан.
Аталган комплекс 120 орундуу жатакана, китепкана, 100 көрүүчүнү батырган кинотеатр, машыгуу залдары, кичи футбол аянтчасы, 2 бассейн жана тамактануучу жайдан турат.
Министрлер кабинетинин төрагасы иш-чаранын катышуучуларын эс алуу борбордун ачылышы менен куттуктап, аталган комплекс райондун эле эмес облаустун да көркүн чыгара турган жайлардын бири боло турганын билдирди.
Камчыбек Ташиев менен Акылбек Жапаров Арстанбапта




1 |