super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги акындарга сынак жарыялады

 
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги акындарга жана композиторлорго сынак жарыялады.
Министрликтин маалыматына ылайык, ырлардын текстти 3-4 куплеттен туруп, мекенчилдик, сактоо, коргоо, куткаруу сезимдерине үндөгөн марш тибине мүнөздүү текст жана марш музыкасы жазылышы керек.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маршы аскерлердин духун көтөрүүгө да багытталып, анын музыкасы кайраттуулугуна жана энергиялуулугуна басым жасалат.
"Чыгармаларды кабыл алуунун акыркы күнү 2023-жылдын 25-августу. Кабыл алуу иш күндөрү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калк жана массалык маалымат каражаттары менен иштөө башкармалыгы тарабынан кабыл алынат.
Сынактын жеңүүчүлөрү – чыгармалардын авторлоруна (мыкты ырга, мыкты музыкага) 31-август – Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнө карата акчалай сыйлык тапшырылат. Байге фонду каралган", - деп билдиришти ӨКМдан.
Сурап-билүү үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылыңыздар.
Дареги: Бишкек шаары, Манас көчөсү 101/1.
Байланыш телефону: (0312) 32-38-12, 0552-88-69-66, 0701-72-15-47.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: