super.kg logo

Астанада бокс боюнча Дүйнө чемпионунун Кыргыз жаранына кол салышы: Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады

 

Тышкы иштер министрлиги Астана шаарында Кыргыз жаранына кол салган бокс боюнча Дүйнө чемпиону Бейбут Шуменовдун иши боюнча билдирүү жасады.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, бүгүн, 13-июлда Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев кол салуудан жабыркаган К.А. аттуу Кыргыз жараны менен жолукту.

"К.А. Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине чакырылып, элчи Дастан Дүйшекеев менен болгон жолугушууда Кыргызстандын жаранына зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүлдү. Бүгүнкү күндө бул окуя боюнча Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан бардык зарыл болгон процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул маселе министрликтин көзөмөлүндө", - деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.

Эске салсак, 18-июнь күнү Астанадагы ири соода борборунда колунда баласы бар кишини бир адам сабап салган. Жабырлануучулар кылмыштын жоктугунан улам ишти убактылуу токтоткон полициянын үстүнөн арызданышкан. Социалдык тармактарда колунда баласы бар кишини сабаган адам бокс боюнча Дүйнө чемпиону Бейбут Шуменов экени айтылган.

Окуя коомчулукка жарыялангандан кийин Казакстандын ИИМи кайрадан иликтөө иштерин жүргүзүп, ишти жапкан полиция кызматкерлерине карата ички текшерүү дайындаган.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: