Ошто банктын мурдагы кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын мыйзамсыз кирешелер
менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери шаардагы банктардын биринде алдамчылык
фактынын бетин ачышты. Бул тууралуу 12-декабрда Ош ШИИББинин басма сөз кызматынын
өкүлү Замир Сыдыков билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
2013-жылы сентябрь айынын башында шаардагы банктардын
биринен Араван райондук банкка жеке жаранга 980 миң сом акча мыйзамсыз
которулган. Бирок банк кызматкерлери акча которулбаганын айткан. Натыйжада банк жетекчилиги
милиция кызматкерлерине кайрылган.
Укук коргоо органдары кечээ, 11-декабрда бул фактыга
катыштыгы бар деген шек менен банктын мурдагы 3 кызматкерин жана 1 жумушсуз
жаранды кармады. Кылмыш ишинде негизги адам, банктын мурдагы бир кызматкерине
кылмыш иши козголуп, учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Маалыматтарга караганда, банктын которууга жооптуу адиси
иш ордунда жок учурдан пайдаланып анын компьютерин колдонуу менен акчаны
которууга үлгүргөн. Учурда
уурдалган акчаны кайтаруу иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
balshirin

12.12.2013. 21:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул окуя Оштогу МАсаоиев менен Навои кочосунун кесилишинде жайгашкан Аманбанкта болгон деп уккам. Банк бузулуп жаткан учурда банктын операторлуна 3-4 адам кирип, банктан тез чыгып кеткиле, болбосо башынарга кыш тушот дегенде , банк операторлору шашылып сыртка чыгып кетишкен, ошол оператордордун бироосунун ордуна мошеник отуруп алып 980 000 сомду которуп алыптыр.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.