super.kg logo

ТИМ Европарламент кабыл алган резолюция боюнча билдирүү таратты

 

Тышкы иштер министрлиги Европа парламентинин “Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына жана сөз эркиндигине кысым көрсөтүү жөнүндө” резолюциясына карата өкүнүчүн билдирди. Бул тууралуу 13-июлда ТИМ тараткан билдирүүдө айтылат.

Бул резолюцияны даярдоодо документтин демилгечилери кыргыз тараптан тактоочу же кошумча маалымат сурабагандыгы айтылды.

"Объективдүү эмес, бир жактуу пикирге негизделген үстүртөн резолюция өлкөгө жана улуттук каада-салттар менен негиздерди эске алуу менен демократияны, жарандардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча Кыргыз Республикасы тарабынан көрүлүп жаткан чараларга кысым көрсөтүү катары каралат. Резолюциянын авторлору, балким, атайылап, “Азаттык Медиасынын” айланасындагы маселенин сот аркылуу чечилгенин, ошондой эле белгиленген мыйзам долбоорлору жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кеӊири чөйрөсүнүн катышуусу менен талкуу этабында гана экенин эске алышкан эмес. Резолюциянын башка бир катар пункттары да таң калтырат, алар объективдүү баа берүүнү жана аларды улуттук мыйзамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бийлик бутактарынын көз карандысыздыгын караштырган мыйзамдарга ылайык чечүү жолдорун чагылдырган эмес", - деп жазылат маалыматта.

Жакынкы арада Европарламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин делегациясынын Кыргызстанга иш сапары, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтык комитетинин кезектеги отуруму пландаштырылганы маалымдалды.

"Кыргызстан Европа биримдиги менен кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин өзгөчө баалайт. Биз мындан ары да бул позитивдүү динамиканы сактап калуу жана өнөктөштүн пикирин эске албаган мындай бир жактуу чечимдерге карабастан, кызматташтыкка зыян келтирүүчү жана терс таасирин тийгизүүчү бул сыяктуу практикадан алыс болууга чара көрүүнү улантууга ниеттүүбүз.

Ошондой эле туруктуу кызматташуу механизмдери, анын ичинде парламенттер аралык комитеттер жана адам укуктары боюнча диалог түзүлгөн. Бул жолугушуулар үзгүлтүксүз жана ачык-айкын өткөрүлөт", - деп билдирди ТИМ.

Белгилей кетсек, кечээ, 13-июлда Страсбургда жайгашкан Европарламенттин жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине кысым көрсөтүү боюнча резолюция кабыл алган. Жыйында резолюцияны 469 депутаттын 320сы колдогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: