super.kg logo

Косово парламентинде депутаттар мушташа кетти (видео)

 

Косово парламентинде бийликчил партия менен оппозициялык депутаттардын ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-июлда эгемендүүлүгү жарым-жартылай таанылган Косоводогу парламент жыйынында бийликчил "Өзүн өзү аныктоо" партиясы менен оппозициячыл "Косово демократиялык партиясынын" депутаттарынын ортосунда мушташ орун алды.

Жаңжал өлкөнүн премьер-министри Альбин Курти трибунада сүйлөп жаткан учурда ага суу чачып жиберген ДПК депутаты Мергим Люштакунун жоругунан кийин башталган. Депуттардын жыйын залындагы мушташы 10 мүнөткө чейин созулуп, натыйжада парламент төрагасы Гляук Конюфка полиция кызматкерлерин чакырууга аргасыз болгон.

Косовонун опозициясы премьер-министр Альбина Куртини этникалык сербдер көп жашаган өлкө түндүгүндөгү кырдаалды көзөмөлдөй албай жатат деп айыптап келет. Косоводогу сербиялык азчылыктар өлкөнүн көз карандысыздыгын азыркы күнгө чейин тааныбай келишет. Буга байланыштуу түндүк аймакта бийликтин аракеттерине каршы көтөрүлүштөр көп болуп, Сербия менен Косовонун ортосундагы мамиле да кыйла начарлаган. Косовону өлкөдөгү этникалык сербдерге карата кысым кылып жатат деп айыптагандар да бар.






Косово парламентинде депутаттар мушташты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: