super.kg logo

"Акчасын бербей койгон". Баткенде үй курууда алдамчылыкка шектелген ишкер кармалды

 

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы калыбына келтирилип жаткан турак үйлөрдүн курулуш материалдарынын акчасын бербей, ишкерлерди алдап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-июлда Лейлек районунун 56 жаштагы Д.К. аттуу тургуну Бишкек шаарында качып жүргөн жеринен кармалган.

Баткен облустук милициясына Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну арыз менен кайрылып, ири суммада чыгым алып келген кишиге чара көрүүнү суранган. Кылмышка шек саналып кармалган жаран Ак-Сайда 57 үйдү курмай болгон.

"Январь, февраль айларында жабырлануучудан мурда товар алып, акчасын кайтарып жүргөн мамилесинен пайдаланып, Баткен районундагы темир материалдарын иштетүүчү цехинен жалпы суммасы 1 миллион 295 миң 482 сомдук курулуш материалдарын алган. Ал 26-мартка чейин акчасын берем деп алдап, байланышка чыкпай, качып кеткен.

Аталган факты боюнча 16-майда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмүнүн (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Бул кылмыштын бетин ачуу тапшырмасы ИИМ жетекчилигинин көзөмөлүндө болгон", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: