super.kg logo

"Президенттин атына шек келтирет". Түркмөнстанда кайыр сурагандар кармалууда

 

Түркмөнстанда кайыр сурагандарга каршы рейддер башталып, бир нече адам кармалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" Түркмөнстандагы кызматы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кайыр сурагандарга карата рейддер жүргүзүлүп, анын натыйжасында ондогон жарандар кармалган жана полиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми жүргүзүлгөн рейддер боюнча бийлик тарап кайыр сурагандар президенттин кадыр-баркына шек келтирип жатканын билдирген.

Атайын топтордун катышуусунда жүргүзүлүп жаткан рейддер 10-июлда Түркмөнбашы этрапында жана Гувлымяк жана Кыянлы шаарчаларындагы ири соода борборлордун, дарыканалардын, мейманканалардын жана базарлардын жанында өткөрүлгөн. Атайын топто болсо төрт полиция кызматкери менен Улуттук коопсуздук департаментинин бир кызматкери бар. Алар маршруттук таксилер менен аймактарды кыдырып чыгышкан.

Ал эми рейддин жүрүшүндө таштанды контейнерлерин аралап жүргөн жарандар, алардын арасында аялдар менен балдар да кармалып, милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Басылманын маалыматына караганда, кармалгандарга андан кийин эмне болгону боюнча азырынча маалыматтар жок жана рейдден кийин көчөлөрдө кайыр сурагандардын саны кескин азайганы байкалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: