super.kg logo

Аттестат чыры: "Ай Кью" мектеби 84 окуучуну лицензиясы жок окутуп келгени белгилүү болду

 

Бишкектеги "Ай Кью" менчик мектебинин экстернаттык окутуу жүргүзүүгө лицензиясы жок болгон. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева маалымат жыйынында билдирди.

Эске салсак, буга чейин "Ай Кью" менчик мектебинин бул жылдагы 84 бүтүрүүчүсү аттестат ала албай жатканы айтылган. Токтобүбү Ашымбаева аталган мектеп 84 окуучуну эч кандай лицензиясы жок эле окутуп келгенин белгиледи. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги аларга аттестат бере албастыгын жана аталган окуучулар жогорку окуу жайларга азырынча документ тапшыра албастыгын кошумчалады.

Мындан тышкары "Ай Кью" мектеби 2 классты бир жылда бүтүрүү үчүн 84 окуучунун ата-энесинен жалпы 6 миллион сом өлчөмүндөгү каражат чогултуп алганы, тактап айтканда ар бир ата-эне 60-75 миң сомдон берүүгө мажбур болгону айтылды.

"Бул мыйзамсыз нерсе. Чогулган каражат ата-энелерге кайтарылып берилиши керек. Биз Башкы прокуратурадан, УКМКдан жана Ички иштер министрлигинен аталган мектепти жоопкерчиликке тартуусун жана чогулган каражатты ата-энелерге кайтарып берүүгө милдеттендирүүсүн суранабыз", - деди Ашымбаева.

Ал ошондой эле бул иште окуучулардын эч кандай күнөөсү жок экендигин жана Билим берүү министрлиги алардын укугун коргой турганын баса белгиледи.

"Биз 84 окуучуга мамлекеттик мектептерде 11-классты мыйзамдуу окуп бүтүүсү үчүн бардык мүмкүнчүлүктү түзүп беребиз" дейт министрдин орун басары.

Муну менен катар "Ай Кью" мектеби сыяктуу мыйзамсыз иш алып барып жаткан башка мектептерди да текшерүү үчүн министрлик атайын комиссия түзгөнүн маалымдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: