super.kg logo

Бишкекте унаада кыз зордуктоого аракет кылды делген мурунку аткаминер үй камагына чыкты

 

Бишкекте кызды зордуктоого аракет кылды деп шектелип жаткан Жаратылыш ресурстары министрлигинин мурдагы кызматкери үй камагына чыкты. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, 30-июнда шектүүнүн апасы ага кайрылып, баласы сүйлөшкөн кызын зордуктоого аракет кылды деп айыпталып жатканын айткан. Шектүү менен арыз жазган кыз бир жылдан ашык убакыттан бери тааныш болуп, бир нече айдан бери кыз-жигит катарында сүйлөшүп жүргөн. Ал кыздын апасы жана байкеси менен тааныш болгон. Жигит кызга үйлөнүүнү пландап жаткан. Окуя болгон күнү кыз андан апасы экөөнү тойдон чыкканда алып кетүүнү суранган. Андан соң аларды үйүнө унаа менен жеткирип, апасы үйүнө кирип кеткенден кийин экөө Токтогул жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа токтотуучу жайда түнкү саат 3:00гө чейин отурушкан. Андан соң алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, ортодо чыр чыккан. Кызды үйүнө жеткирүүнү сунуштаганда, ал жигитти ургулай баштаган. Мындан улам жигит кызды машинадан түшүрүп салган. Андан соң алар үйгө чейин жөө барышып, жигит кыздын буюм-тайымдарын берип, анан өзү кеткенин белгиледи.

Жактоочу Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылганын, сот материалдар менен таанышып, шектүүнүн туруктуу жашаган жери болгонун жана тергөө менен кызматташып жатканын эске алуу менен үй камагына чыгарганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин автоунаанын арткы орундугунда эркек киши кызды зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу видео интернет желесине тараган. Милиция аталган факты 15-июнга караган түнү болгонун билдирген. Буга шектүү катары Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде мурда иштеп кеткен 30 жаштагы Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.07.2023. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бай экен дагы карапайым болгондо камалып кетмек жок дегенде 7 жылга
15.07.2023. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акталуу туралуу ангемесин жазган турбайбы. Мына мыйзам баарыбызга бирдей деген жоруктары. Сотторубуз аябай адилеттуу да. Сотторго данк! Сотторго данк! Сотторго данк! Жакшы жагынан айтса да, жаман жагынан айтса да, сотторубуздун беттери кызарбайт го, уялып да койбойт го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: