Ошто "казинодо он миң долларын уттуруп жиберди" делген окуя: Аталган жай жабылды

Маалыматка караганда, аталган жай казино эмес, букмекер (компьютердеги автоматтык оюн) экени аныкталган. ИИМдин иликтөөсүнүн натыйжасында 40тан ашык бинардык опциондор жабылып, кылмыш иши козголгон.
"ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында бинардык опциондорго жамынган 30дан ашык оюн-зоок жайлары иштеп, аларда интернет аркылуу виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндары уюштурулган. Бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттер жүргүзүлүп келген" - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор сурак берген жана компьютердик техникалары алынган. Ал эми Бишкек, Ош, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан 45тен ашык мекеме жабылып, учурда тиешелүү иш чаралар улантылып жатканы маалымдалды.
Эске салсак, буга чейин Ош шаарында бинардык опциондо кыргыз жаранынын 10 миң доллар өлчөмүндөгү акчасын уттуруп алганын айткан видео тараган. Көп өтпөй Ош ШИИБинен окуяга байланыштуу иликтөө башталганы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.