Быйыл көмүр тартыштыгы жаралышы мүмкүнбү? Министрликтен жооп
Күз-кыш мезгилинде көмүр тартыштыгын болтурбоо үчүн алдын ала бардык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Энергетика министрлигинен SUPER.KG порталына суроолорго жооп берип жатып билдирди.
Буга чейин Кыргызстандан көмүрдү экспорттоого 8 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу сунушталган. Министрликтен билдиргендей, өлкө аймагынан көмүрдү ташып чыгууга тыюу салуу төмөнкү максаттарда ишке ашырылат:
- Бишкек шаарынын ЖЭБин, бюджеттик мекемелерди, ошондой эле өлкөнүн калкын көмүр отуну менен үзгүлтүксүз камсыз кылууда оор кырдаалды болтурбоо;
- күз-кыш мезгилинде көмүрдүн чекене баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө;
- өлкөдөн көзөмөлсүз көмүр отунун ташып чыгууну жок кылуу жана көмүрдү экспорттоо процессин мамлекет тарабынан тартипке келтирүү;
- Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу.
Министрлик көмүр казуучу ишканалардын атынан жеке көмүр өндүрүүчүлөр өздөрүнө жеке пайда табуу максатында көмүрдү чет элдик сатып алуучуларга дүңүнөн сатууга кызыктар болуп, калкты көмүр отуну менен камсыздоо боюнча социалдык милдеттенмелерди аткарбай жатышат деп эсептейт.
"Учурда алып сатарлар чоң көлөмдөгү көмүрдү түздөн-түз көмүр кесимдеринен массалык түрдө сатып алышып, көмүр продукциясын социалдык багыттагы баада ички керектөөчүлөргө жеткирүүгө жол бербей жатканы байкалган. Мындан улам токтомдун долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга чыгарылды", - деп билдирди министрликтен.
Маалымдалгандай, жергиликтүү кыргыз көмүрү Евробиримдиктин өлкөлөрүнө, Пакистанга, Кытайга жана Өзбекстанга экспорттолот.
Ошондой эле азыркы тапта “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы күз-кыш мезгилине толук даярдык көрүп, ал эми “Кара-Кече” көмүр кенинде көмүр кыртышын ачып тазалоо, көмүрдү казып алуу иштери активдүү жүргүзүлүп жатканы айтылды. Андыктан министрлик учурда кышында көмүр тартыштыгы болот деп кооптонууга негиз жок деп эсептейт.
"Бирок өлкөдөгү суунун аз болушу болжолдонгон мезгилди, ошондой эле жай мезгили үчүн адаттан тыш болгон түштүк региондун ички рыногунда бүгүнкү күндө жеке сатуучуларда көмүрдүн чекене баасынын жогорулашын эске алуу менен алдын ала чараларды көрүү зарылчылыгы бар", - дешти министрликтен.
Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилине Бишкек ЖЭБине 1,2 миллион тонна көмүр керектелип, анын 550 миң тоннасы импорттолору, ал эми калк үчүн 1,3 миллион тонна көмүр камдалышы керек экендиги маалымдалган.

