Бишкекте мончо-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулуш иштери уланууда








Бишкекте Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан мончо-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүп жаткан курулуштун жалпы аянты 2 миң 705,41 чарчы метр. Анда жер төлөсү менен эки кабаттуу заманбап имарат курулат. Мончо жалпы 240 орунга ылайыкталып, эркектер үчүн 120, аялдар үчүн 120 болуп бөлүнгөн. Анда унаа токтотуучу жай да каралган.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө мончонун темир-бетон каркастарын жана эки бассейнди орнотуу иштери аяктады. Учурда жер төлөдө жана биринчи кабатта кыш кыноо иштери жүрүп жатат. Аталган комплекстин курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга «Лидер Хаус» ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн.
Эске салсак, ушул жылдын июнь айында Жибек-Жолу менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мурдагы №2 мончонун имараты буздурулуп, ордуна заманбап коомдук мончо куруу иштери башталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.