super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Мекеме тургундун электр акысына ашыкча акча кошулуп жатат дегенин четке какты

 

10-июлда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылынын тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө электр акысы туура эмес эсептелинип, үстүнө акча кошулуп жаткандыгына нааразы болуп кайрылган.

Талас электр тармактар ишканасынан бул боюнча комиссия түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн бүгүн, 14-июлда SUPER.KG порталына билдирди.

"Буга чейин электр акысынын үстүнө акча кошулуп жатат деген тургунга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жазылган сумма туура экени такталды. Талас электр тармактар ишканасынын электр энергия сатуу бөлүмү тарабынан комиссия түзүлүп, жеринен барып текшерилди. Жыйынтыгында электр эсептегичтин көрсөткүчтөрү туура жазылып, чыгып келген акча туура эле көрсөтүлгөндүгү жана буга чейин төлөп келген акчалары төлөм катары базага киргизилгендиги айтылды", - деп билдирди мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: