"Асман" шаарындагы курулуш иштери качан башталары айтылды
"Асман" шаарында иштер эки-үч айдын ичинде толугу менен башталат. Бул тууралуу аталган долбоорго инвестиция тартуу боюнча иш алып барып жаткан ишкер Төлөнбай Нурбаев Фейсбук баракчасына жазды.
""Асман" шаары боюнча маалымат берип коёюн. Жакында эки-үч айдын ичинде толук кандуу жумуштар башталат, кудай буйруса. Долбоорго өзгөртүү-толуктоолор киргенине байланыштуу азыр суу чогултуучу канализация жана техникалык шарттары иштелип жатат", - деп жазды ал.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 30-июнда "Асман" шаарынына капсула салып, курулуш иштерине старт берген. Бирок көп өтпөй социалдык тармактарга видеолор тарап, шаар курула турган аймакта бир дагы адам жок экендиги, аталган жай эңгиреп бош тургандыгы айтылып, сын-пикирлер күчөгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.