super.kg logo

Айдоочулардын эсине! Ысык-Көлдө "Автоураган" иштөөдө

 

Ысык-Көл облусунда "Автоураган" иштеп жатат жана 29 автоунаа кармалды. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, "Жайкы туристтик мезгил-2023" иш-чарасы учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 2023-жылдын 2-июлунан тарта Ысык-Көлдүн Чолпон-ата шаарында жылып туруучу "Автоураган" аппараттык-программалык комплексси ишке киргизилген.

Бул аппараттык-программалык комплексинин жардамы менен Чолпон-Ата шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери одоно жол эрежелерин бузган жалпы 29 авто унааны аныкташып, атайын айып короо жайына токтотушту.

Алардын ичинен:

- Издөөдө жүргөн авто унаалар 3;
- Убагында айып пулдары төлөнбөгөн авто унаалар 6;
- Авто унаанын каттоосу убактылуу токтотулган авто унаалар 20.

"Аталган "Автоураган" аппараттык-программалык комплекси Ысык-Көлдүн курорттук аймактарында, жайкы туристтик мезгил учуру аяктаганга чейин жол кырсыктарын алдын-алуу багытындагы кызмат алып барат", - деп билдиришти ЖКККББдан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: