Бишкекте тазалыкты сактабаган бир канча мекемелерге айып салынды






Бишкекте таштандыларды белгиленген жерге таштабай, тазалыкты бузганы үчүн бир канча мекеме айыпка жыгылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы 13-июлда саат 07:00дөн баштап шаардын көркүн бузуу, таштандыларды ар кайсы жерге таштоо жана башка эреже бузуулар боюнча пландуу рейд жүргүздү. Рейддин жыйынтыгында муниципалдык инспекция тарабынан 92 миң сомго 7 протокол түзүлдү.
Эреже бузуучулардын тизмеси:
- "Бимед Фарм" ЖЧКсына таштандыларды белгиленбеген жерге чыгаргандыгы үчүн 17 000 сом айып пул салынды;
- "Аманбанк" ААКына таштанды маселеси боюнча 17 000 сом айып;
- "Милан Групп компаниялары" ЖЧКсы ушул эле маселе боюнча 17 000 сом;
- "Гемени плюс" ЖЧКсы чектеш аймактын тазалыгын жана тартибин сактабаганы үчүн 13 000 сом
- "Ассорти Шаурма" фастфудуна белгиленбеген жерге таштанды чыгаргандыгы үчүн 5500 сом
- И.П.Коңурбаевага таштандыларды белгисиз жерге чыгаргандыгы үчүн 17000 сом;
- "Мамалак" дүкөнүнө да таштанды таштоо эрежесин сактабаганы үчүн 5500 сом айып пул салынды .
Муну менен катар аталган мекемелердин кожоюндарына бардык түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылды.
"Мэрия объекттин айланасында радиусу 10 метр аралыкта тазалык эрежелерин сактабагандыгы үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык, 3 миңден 13 миңге чейинки өлчөмүндө жана 115-берененин 1-бөлүгүнө ылайык 5,5 миң сомдон 17 миң сомго чейин айып пул каралганын эскертет", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.