super.kg logo

Бишкекте тигүү калдыктарын өрттөгөн субъектиге 7 миң 500 сом айып салынды

 

Бишкекте экологиялык абалды жакшыртуу максатында жеке баняларда жана сауналарда синтетикалык жана башка тыюу салынган калдыктарды өрттөгөндөргө айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы жана Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы менен биргеликте рейд жүргүзүлдү.

Ага ылайык, 28 субъект текшерилип, Павлов көчөсүндөгү №59 үйдө тигүү калдыктарын өрттөгөн 1 факты аныкталып, 7 миң 500 сомго айып пул салынды. Ошондой эле муниципалдык инспекция тарабынан тыюу салынган предметтерди өрттөп жибербөө боюнча эскертүүлөр жана альтернативдик отунга өтүү боюнча сунуштар берилет.

"Укук бузуулар жөнүндө" Кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгүндө:

"Таштандыларды, турмуш-тиричиликтик катуу, өндүрүштүк, өнөр жай калдыктарын жана башка предметтерди, ошондой эле жалбырактарды өрттөө–жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: