super.kg logo

Нигерияда жарандар "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү үчүн 200 саат ырдап, 100 саат тамак жасашты (видео)

 

Нигерияда "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү үчүн 200 саат ырдап, 50 саат массаж жасаган учур катталды. Бул тууралуу Reuters басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, Африканын Нигерия мамлекетинде ондон ашык жаран "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылган. Алардын арасында жалгыз өзү эң узак тамак жасоо, Instagram социалдык тармагында 100 саат бою түз эфирге чыгуу, 50 саат массаж жасоо жана 200 саат ырдоо сыяктуу рекорддук иш-аракеттер көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында, 200 саат ырдоо, 50 саат массаж жана 100 саат тамак жасоо аракеттери ийгиликтүү болгон.

Лагос аймагынын тургуну Олуватоби Куфежи карьерасында ийгилик жаратуу үчүн 200 саат ырдаган.

"Кудайдын каалоосу менен менин музыкама олуттуу түрткү бере турган маңыздуу келишим түзүлөт деп үмүттөнөбүз", - деп билдирген Куфежи эки сааттык тыныгуу учурунда.

Ал эми массаж жасоо боюнча рекорддук чекке жетүүнү каалаган Жой Чуквуди кардарларга 75 саат массаж жасоого аракет кылган, бирок ал 50 сааттан кийин чарчап калган. Чуквуди "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү үчүн 50 саат жетиштүү экенин айткан.

Ошондой эле Хилда Бассей 100 саат тынымсыз тамак жасап, "Гиннесстин рекорддор китебине "жалгыз адамдын эң узак убакыт бою тамак жасаганы" боюнча кирүүгө аракет кылган. Анын кулинардык марафону бейшемби күнү башталып, дүйшөмбү күнү кечинде аяктаган.






Нигерияда 200 саат ырдап, 100 саат тамак жасаган учур катталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: