super.kg logo

Аттестат чыры: "Ай Кью" мектебине эмне үчүн лицензия берилбей келгени айтылды

 

"Ай Кью" жеке менчик мектебине тиешелүү талаптарга туура келбегендиктен лицензия берилген эмес. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашимбаева маалымат жыйынында билдирди.

"Ай Кью" мектеби лицензия алуу боюнча эки жолу кайрылган. Бирок лицензиялык талаптарга жооп бербегендиктен биринчисинде, 2020-жылдын декабрь айында лицензия берилген эмес. 2021-жылы да ушул эле маселе боюнча лицензия берүү чечими артка кайтарылган. Ошол үчүн булардын билип туруп ата-энелерди алдап иш алып барганын "алдамчылык" десек болот. Булар мыйзамды бузуп, баарын алдап туруп акчаларын топтоп алган. Керек болсо кечээги күнгө чейин аттестаттар дапдаяр, биз кезекте турабыз деп ата-энелерди алдап келишиптир", - деди Токтобүбү Ашимбаева.

Эске салсак, буга чейин "Ай Кью" жеке менчик мектебинин бул жылдагы 84 бүтүрүүчүсү аттестат ала албай жатканы айтылган. Токтобүбү Ашимбаева аталган мектеп 84 окуучуну эч кандай лицензиясы жок эле окутуп келгенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: