Ленин округунан депутаттыкка талапкерлердин саны төрткө жетти
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого катыша турган талапкерлердин саны төрткө жетти. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, БШКга арыз менен төмөнкү талапкерлер кайрылды:
1) Эртай Искаков;
2) Алмаз Аскар уулу;
3) Эркин Булекбаев;
4) Роман Ремнёв.
Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 10-августта аяктайт.
Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрга дайындалган.
Эске салсак, Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча буга чейинки кезексиз шайлоо 28-майда болуп өткөн. Анда алдын ала маалымат боюнча, Дамира Ниязалиева жеңип чыккан. Ал шайлоого катышкандардын 35,86 пайызынын добушуна ээ болгон.
Бирок 29-майда БШК Дамира Ниязалиева тарабынан шайлоочулардын добушун сатып алуу мүмкүндүгү тууралуу билдирүү түшкөнүн маалымдаган. Кийин аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. 5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
Мындан тышкары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети добуш сатып алуу фактысы боюнча талапкер Улан Сариевге кылмыш ишин козгогон. Мыйзам боюнча, эгерде шайлоого катышкандардын жалпы санынын үчтөн биринин добуштары жараксыз деп табылса, БШК "шайлоонун жыйынтыгы анык эмес" деген бүтүм чыгарат. Мындай учурда бир айдын ичинде кайра шайлоо өтөт.
16-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.
