super.kg logo

"Президентке барам". Бишкекте 95 жаштагы аял жашап жаткан үйүнөн чыгарылды

 

Бишкек шаарындагы Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен улгайган аял жашап жаткан үйүнөн чыгарылды.

Аны үйүнөн милиция кызматкерлери күчкө салып чыгарууга аракет кылган. Өз кезегинде жашап жаткан үйүнөн чыгарылган аял бул боюнча президент Садыр Жапаровго барарын айтты.

"Мени күчкө салып чыгарышты. Мен эми президентке барам, чечсе ошол гана чечет. Же ошол жерге барып жатып алам, же ошол жерден өлүп чыгам. Башка эч нерсе айтпайм", - деди үйүнөн чыгарылган улгайган аял.

Ал ошондой эле үйүнөн чыгарганы келген милиция кызматкерлери жана сот аткаруучулар колун көгөрткөнүн айтты.

Укук коргоо органдары бул боюнча азырынча маалымат бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: