super.kg logo

Ошто 19 жеке медициналык борбор жабылды 

 

Ошто медициналык кызмат көрсөткөн 19 жеке менчик мекеме жабылып, 8 ишкананын иши укук коргоо органдарына кароого жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, буга алардын санитардык-гигиеналык ченемдерин сактабагандыгы себеп болгон.

Ага ылайык, бүгүн, 14-июлда Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча координациялык кеңешмесинин протоколдук тапшырмасын аткаруу боюнча жыйын өткөрдү.

Анда жеке менчик ишканалар, анын ичинде сулуулук салондор, тиш дарылоочу бөлмөлөр, медициналык борборлор, хижама бөлмөлөрү жана башка медициналык кызмат көрсөткөн жеке менчик ишканалардын мыйзам бузууларын жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин аткаруу маселеси каралды.

Жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга кан аркылуу жугуучу инфекциялардын АИВ, гепатиттин алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: