super.kg logo

Блогер Улукбек Карыбек уулу кармалды

 

Блогер Улукбек Карыбек уулу кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Улукбек Карыбек уулу бүгүн, 14-июлда Бишкектен кармалган. Ал Ош шаарына жеткирилет. Анын үстүнөн Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын кызматкерлери арыз жазышкан.

SUPER.KG порталына өздүк булактардан билдиришкендей, Улукбек Карыбек уулу оорукананын эшигин талкалап, бир адамдын башын жарганга шектелүүдө.

Башка маалымат айтылган жок.

Буга чейин Улукбек Карыбек уулу өзүнүн ютуб каналына "Ош облустук оңолбос төрөт үйү" аттуу видео материалды жарыялаган. Андан кийин блогердин үстүнөн дарыгерлер арызданышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
14.07.2023. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
УЛУКБЕКТИН ЭЛГЕ КЫЛГАН ИШИН, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ УШАК АЙТЫШЫП ОТУРГАН, БИР ДЕПУТАТДА КЫЛГАН ЖОК.
14.07.2023. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул баланыда жалаа жаап коро албашыптырда. Бул баланы эл билет, эмгеги Кыргыз эли учун ото чон. Кыргыз элим бундай мекен учун куйгон баланы коргоп колдоп алышыбыз керек.
14.07.2023. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Врачтар канды соруп бутушту го кирсен эле акча акча.Оорусан да баргын келбей калды.
14.07.2023. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Популист Улубек мугалимдерди, врачтарды жаман коргозгонду жакшы оздоштуруп алды. Улукбек пиар жасап, тик ток, ютубтан акча тапканды уйронду
14.07.2023. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Uri24Колундан пок келбейт.Ошентип акча тапчы
15.07.2023. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uri24котокту жепсин
16.07.2023. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улукбек эми адам болоор бул бала журналистмин деп асманга чыгып кеттиле, бечара аялдар төрөй албай кыйналып атышса толгоосун качырып кирип тартканы өтө адепсиздик, бейбаштык, тарбиясыз, ыймансыз болгон. Угуп көрүп аябай ачуум келди эле сага окшогондорго Аллахымдын жазасы бар дегем, мейли эми ушуну менен жерге түшүп калаар Аллахым ыйман ынсап хидаят берсин. Ушуга окшогон блогерлердин тизгинин тартып турган өтө жакшы, болбосо булар эл бузар, мамлекет бузарга айланышып өлкөнү жок кылат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: