super.kg logo

Ырчы МакSим алкоголдуктан дарыланып жатканын моюнуна алды

 

Орусиялык ырчы МакSим реабилитациялык борбордо алкоголдук көз карандылыктан дарыланып жатат. Бул тууралуу МИР24 телеканалы билдирди.

Ырчы 2021-жылы коронавирус оорусунан кийин гастролдорду эрте баштап алганын, анан кайра ооруп калбайын деп ичимдик ичип жүргөнүн билдирген.

утума тура албай чарчап эле калдым. Сахнага чыгар алдында тамчылатма алып, ичимдик ичсем жакшы болом деп ойлогом. Бирок андан майнап чыккан жок", - деген ал.

Ырчы ошондой эле реабилитациялык борборго келүүнү өзү чечкенин кошумчалады. Ага кыздары жана командадагы жакындары келип турушат.

Эске салсак, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 2021-жылдын 16-июнунда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган. Өз кезегинде орусиялык ырчы Стас Барецкий аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына жардам берүүгө даяр экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: