super.kg logo

Бостеридеги окуя: Жергиликтүү тургундар парашюту менен айланма аттракционго илинип калгандарга жардам беришти (фото)

 

Жергиликтүү тургундар жана милиция кызматкерлери айланма кароо аттракционуна парашют менен илинип калган эс алуучуга жардам беришти. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

14-июль күнү Каракол шаарынан келген 31 жаштагы эс алуучу оор кырдаалга кабылган. Бостери айылынын жээгинде жайгашкан айланма кароо аттракционуна моторлуу кайыкка байланган аба парашюту менен сейилдеп бара жатып, илинип калган. Муну көргөн, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча кызмат өтөп жаткан ИИМдин Ысык-Көл ОИИБ боюнча атайын операцияларды өткөрүү отрядынын кызматкерлери дароо аттракциондун ишин токтотушуп, андан кийин жергиликтүү тургундар менен чогуу парашют менен илинип калган эс алуучуну аттракциондон алып түшүүгө жардам беришкен.

"Бактыга жараша, анын ден соолугуна эч кандай зыян келтирилген эмес. Бул факты Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун көрсөтмөсү боюнча Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте эс алуучуларга суудагы аттракциондорду көрсөткөн субъектилердин суу катерлеринин кеме билеттери бар же жоктугун, ошондой эле алар тараптан коопсуздук техникасынын сакталышы кандай деңгээлде камсыздандырылганы боюнча текшерүүнү баштады", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: