Улукбек Карыбек уулунун кармалышы: Ош милициясы бул боюнча билдирүү жасады
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы блогер Улукбек Карыбек уулунун кармалышы боюнча билдирүү жасады.
Милициянын билдирүүсүнө ылайык, блогер Оштогу оорукананын эшигин талкалаганга жана дарыгердин ден соолугуна залал келтиргенге шектелүудө.
"2023-жылдын 7-июлунда саат 14:35те Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башкы дарыгери А.Асанова кабар берген. Анда ал белгисиз журналисттер келип, төрөт үйүндө уруксатысыз видео тасмага тартып жумушуна тоскоолдук кылып жаткандыгын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган билдирүү ошол эле күнү Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, ал жерде блогер журналист Карыбек уулу Улукбек жүргөндүгүн, аны төрөт үйүнүн кызматкерлери төрөт үйүнө киргизбей койгондугу аныкталып, ыкчам-тергөө тобу тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Андан кийин ошол эле күнү саат 19:30-20:00 чамасында, блогер журналист Улукбек Карыбек уулу өзүнүн 2 шериги менен төрөт үйүнүн арткы эшигин бузуп, эч кимдин уруксаты жок, санитардык нормаларды сакташпай, тактап айтканда бахила, маска, халат кийбей төрөт үйүнүн кайра жандандыруу бөлүмүнө кирип келген. Анда дарыгерлер санитардык нормаларды сактабагандыгын эскертишип, кирүүгө мүмкүн эместигин айтышканда, алардын талабына баш ийбестен дарыгер Жабар уулу Эрмектин колун кайрып, экинчи дарыгер Жумабекова Аксананы түртүп жибергенде, ал башы менен дубалга тийген", - деп билдиришти ОШ ШИИБден.
Ошондой эле шаардык милиция блогер ооруканага 37 миң сомдой материалдык чыгым келтиргенин билдирди.
"Ош облустук бириккен клиникалык төрөт үйүнө 36 миң 996 сомдук материалдык чыгым келтирилген. Текшерүүнүн жүрүшүндө, оорукананын төрөт стационарынын дарыгерлери Э.Д.Ж.уулу жана А.Д.дын денелерине келтирилген жаракаттарынын аныктоо максатында, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө, Ош областар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында төрөттөн кийин жатышкан 20 бейтап, төрөт стационарынын башкы дарыгери А.Асановага кайрылуу жасашып, анда блогер Карыбек уулу Улукбек төрөт үйүнө санитардык нормаларды сактабай мыйзамсыз бастырып киришип, уруксатсыз эле тасмага тартып, ар кандай суроолорду берип, бейтаптардын тынчын алышкандыгын жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга жугуштуу оорулар жугуп калышы ыктымал экендигин билдиришкен", - деп кошумчалашты милициядан.
Бул фактылардын негизинде блогерге кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) белгилери менен кылмыш иши козголуп, блогер суракка алынып, андан кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Окуя боюнча тергөөнүн жүрүшүнө карап, кошумча маалымат берилет.





1 |