Калыс-Ордо конушунда жаңы бала бакчанын курулушу башталды (фото)






Бишкекте борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда Калыс-Ордо конушундагы бала бакчанын пайдубалына капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин аянты - 1 390 чарчы метр, жалпы аянты - 0,68 га.
Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн-зоок, буфет, ашкана, жуунуучу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар жайгашкан.
"Подрядчы «Арай» ЖЧКсы менен курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга келишим түзүлдү. Учурда жер казуу иштери аткарылып, траншеяларды кум-шагыл менен толтуруу иштери бүткөрүлүп, пайдубалдын бетонун куюуга арматураларын токуу иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти мэриядан.


