super.kg logo

"Иш сотко өттү". ИИМ Улукбек Карыбек уулу милицияга баш ийбей койгондугун айтты

 

Блогер Улукбек Карыбек уулу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийген эмес. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 10-июль күнү Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына саат 16:52 чамасында блогер Улукбек Карыбек уулу видео тартуу тобу менен чогуу кирген. Анда күзөт кызматынын кызматкерин министрдин кабылдамасынан чыгуусун суранган учурунда “ЖМК жөнүндө” мыйзамына таянып кабылдамадан чыкпай өзүн орой алып жүрүп, коомдук тартипти бузган.

Жогорудагы аталган факты Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

"Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан жаран Улукбек Карыбек уулунун жүргөн жери аныкталып, укук бузуу протоколун толтуруу мүмкүн болбогондугуна байланыштуу Биринчи Май РИИБдин коомдук коопсуздук кызматына жеткирилип, ал жерден укук бузуу протоколу толтурулуп, жогорудагы жарандар коё берилген", - деп билдиришти ИИМден.

Түзүлгөн укук бузуу протоколдору Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жиберилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.07.2023. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эптеп сындыралы деп атыпсынар да бирок ойлоп койгула Улукбек эч качан сынбайт ал элдин уулу
16.07.2023. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садыр Жапаров мн Камчыбек Ташиев чыныгы элдик бийлик болсо ушул жигиттерди колдоп ушулар мн тыгыз байланыш тузот эле Ыдырыс Исаков мн Улукбеке кысым корсотушсо буларга да ишенич калбайт
16.07.2023. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул журналист өзүн кыйын сезип баштады эле, көрүнгөн жерге башын тыгып, кичине ушинтип тыйып койбосо болбой калган эле, бардык нерсе чеги менен болуш керек, больницага кирип тартканы жаккан эмес, Аллах ыйман ынсап хидаят берсин бул балага, кичине жерге түшүш керек болчу.
17.07.2023. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Milduri тилегиңерге жетпей калдыңарьы көк меелер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: